Информация о Центре Горячая линия Противодействие коррупции RU KG
РЦ укрепления здоровья и массовой коммуникации
26 / Октябрь / 2020
Элеттеги элдин ден соолугун чыңдоо иштери кызуу жүрүүдө

 
Жалал-Абад облусунун Аксы райондук ден соолукту чыңдоо кабинетинин өкүлдөрү бюджеттик уюмдарда, банк тармагында жана башка ишмердүүлүгү компьютердик техникага байланыштуу болгон мекемелердеги кызматкерлерге көз ооруларынын алдын алуу боюнча окутууларды өткөрүп жатышат. Бул боюнча Аксы райондук ден соолукту чыңдоо кабинетинин башчысы, дарыгер Айнура Наркулова билдирди. Анын айтымында, учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, COVID-19 жана көз оорулары сыяктуу жугуштуу эмес оорулар жөнүндө калк арасында окутуулар, түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат.
Айнура Наркулова: “Дартты алдын алуу – өлкөнүн бюджетине пайдалуу. Мындан улам кеңири тараган көз оорулары: катаракта, конъюнктивит, глаукома сыяктуу ооруларды алдын алуу боюнча Аксы районунда Кызыл жарым ай коомунун долбоору иштеп жатат. Бул үч жылдык долбоордун алкагында жергиликтүү үй-бүлөлүк медицина борборуна көз ооруларын аныктоочу жабдуулар берилген. Бул жаатта ден соолукту чыңдоо кабинетинин өкүлдөрү менен бирге 20 ыктыярчы иш алып барууда. Мындан сырткары калк арасында көз оорулары боюнча иштелип чыккан маалымат баракчаларын таратып жатабыз”, - дейт Аксы райондук ден соолукту чыңдоо кабинетинин башчысы.
 
Яндекс.Метрика
Официальный ресурс Республиканского центра укрепления здоровья
© 2020 Элеттеги элдин ден соолугун чыңдоо иштери кызуу жүрүүдө
Авторизация