Информация о Центре Горячая линия Противодействие коррупции RU KG
РЦ укрепления здоровья и массовой коммуникации
26 / Сентябрь / 2020
Жалал-Абадда кош бойлуу энелер атайын окутуудан өтүштү

Жалал-Абад шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда каттоодо турган кош бойлуу энелер өзүнө жана бала кам көрүү боюнча атайын окуудан өтүштү. Болочок энелерге окуу баланы туура эмизүү жумалыгында уюштурулду.

21 жаштагы Рахат Дүйшөбай кызы кош бойлуу. Ал биринчи жолу эне болуу бактысына ээ болгону турат. Болочок эненин максаты наристенин дени сак төрөлүшү. Ал үчүн Рахат боюна бүткөн күндөн тарта эле каттоодон өтүп, ар ай сайын өзүнүн жана ымыркайдын саламаттыгын текшертип келе жатат.

«Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна ай сайын барып анализ тапшырып, баламдын саламаттыгы жана өзүм үчүн текшерилип турамын. Дарыгерлер туура тамактануу, баланын түйүлдүктө өсүүсүн текшерип турушат. Биринчи наристе күтүп жаткандыктан туура эмизүү жаатында адистер келип атайын окутууларды өтүп кетишти. 3 жашка чейин баланы эмизүү керектигин үйрөндүм. Түнкүсүн бала көп эмсе пайдалуу болот экен» – деди Рахат Дүйшөбай кызы.

Терапевт – дарыгер Жамила Кудайбердиева 40 жылдан бери кош бойлуу энелерге кеп-кеңеш берип, балдардын тамак-ашын көзөмөлдөө боюнча иш алып барат. Ал болочок энелер жаш курагынан тартып эле ден солугун жакшы карашы керек дейт.

«Ар бир эле кыз-келин эне болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Демек ал  дени сак баланы төрөөгө милдеттүү.  Ал үчүн кош бойлуу кездеги камкордук бул кечиккендик. Болочок эне секелек кезинен тарта эле ден-соолугун көзөмөлдөп туруусу керек»,- деди Жамила Кудайбердиева.

Дарыгер кошумчалагандай, балдардын майып төрөлүүсүн коомчулукта маалыматтын аздыгы менен түшүндурүшөт. Себеби үй-бүлөнү пландаштыруу маселеси эмдигче жолго коюла элек. Андыктан мектеп партасынан  тарта эле баланын жана эненин ден-соолугууна кам көрү керек.

Кудайбердиева кош бойлуу энелердин аман-эсен көз жаруусу биздин милтетибиз деп билишет. Дарыгердин айтымында, эненин жана баланын саламаттыгы үчүн кош бойлуу кезде дарыгердин кеңеши жана дары-дармектер аба менен суудай керек. Өз убагында аймактык дарыгерлерге кайрылуу баланын жана эненин ден-соолугун алдын алуу болуп эсептелет.

Эненин аман-эсен дени сак  баланы бул дүйнөгө алып келүүсү үй-бүлөлүк абалдан да көз каранды. Кош бойлуу кезде эле каттоого туруусу бул бир гана эенин эле эмес жолдошунун да жоопкерчилиги. Анткени каттоого тур деп эшик каккылагандай  союз убагындай дарыгерлер деле жок. Качан гана өзү жашаган үй-булөлүк дарыгерлер тобуна барып катталгандан кийин гана дары-дармектерди берип телефон аркылуу гана чакырып турушат.

Дарыгерлер энелерге уюштурулган бул окутууда ымыркайларды кандай тамактандырыш керектиги жөнүндө кеп-кеңештери менен бөлүштү. Алардын төрт негизги кеңешин сунуштайбыз.

Балдарга кошумча тамак берүү анын өсүүсүнө тоскоолдукту жаратат

Көпчүлүк энелер ымыркай төрөлгөндөн баштап ар кандай суусундук жана кошумча тамак берүүгө аракет кылышат. Бул — чоң катачылык. Жаңы төрөлгөн ымыркайдын ашказаны болгону 5-7 миллиметр суюктукту батыра алат. Эне дагы белгиленген өлчөмдө гана ууз сүт чыгара алат. Бул ымыркайдын тамакка болгон талабын аткара алат. Болгону бат-бат эмизип туруу зарыл.

Баланы ууз сүттөн куру калтыруу туура эмес

Ууз сүт — табият берген эң уникалдуу тамак. Ал коргоочу зат катары ымыркайды ар кандай ооруларды чакырчу микробдордон сактайт. Эненин сүтү керектүү азыктын ролун аткаргандан сырткары баланын мээсин, ички органдарын, терисин, чачын, тырмактарын жана сөөктөрүн өстүрө турган пайдалуу заттарды камтыйт. Эч бир суусундук ууз сүттү алмаштыра албайт.

Балага чай берүүгө болбойт

Чайдын курамында балага керектүү азык жок. Ал тамактын курамындагы темирдин сиңишине тоскоолдук жаратып, аз кандуулукка алып келиши мүмкүн.

Эмчектеги сүт бузулат деп чочубагыла

Кээ бир энелер айрым себептер менен балдарын эмизбей калганда эмчектеги сүт бузулуп (ирип) калды деген ой менен сүтүн саап ташташат. Бирок сүт бала эмчекти ээмп жатканда гана клеткалардан бѳлүнүп чыгат. Андыктан эч кандай ирип калбайт. Аялдар эмизүүнүн аралыгында клеткалардын сүткѳ толгонун сезишет. Бул сүт бездерде банкага куюлгандай даяр түрдѳ болот дегенди билдирбейт. Ошол эле учурда сүт ирибейт турбайбы деп көп эмизбей коюу туура эмес. Себеби сүттүн кѳлѳмү азайып, акырындык менен байып кетиши мүмкүн.

Эмчектеги сүт муздайт деген түшүнүк туура эмес

 Бул жөнүндө биздин чоң апалар «кышында эмчектеги сүт муздап калат, ошондуктан сүттү жылытып туруп, анан эмизиш керек» деп көп айтышат. Эмчектеги сүт муздап калат деген жаңылыштык. Себеби, сүт бездеринде көп сандагы кан тамырлар бар. Алар жылуу кан менен бирдей температураны кармап турат. Эне сүтү бала үчүн дайыма даяр. Аны жылытып же тазалоонун эч кандай кажети жок.

Баланы эмчектен эрте чыгарганга болбойт

Баласын эмчектен эрте чыгарган энелердин көбү «бала ѳзү эмбей койгондуктан чыгардым» деген пикирде. Тактап сурай келсең, адатта балага уйдун сүтүн берип баштагандан тарта ал эмчек эмгенден баш тарткан болуп чыгат. Алардын ою боюнча уйдун сүтү эмчек сүтүнө салыштырмалуу күчтүү жана майлуу. Эсиңиздерге салып кое турчу элдик лакап: «эненин сүтү – балага, уйдун сүтү – музоого». Сүттүн бардык түрү ѳз тукумуна арналган атайы милдетти аткарууга тийиш. Башкача айтканда, уйдун торпогу космоско учууну, кѳптѳгѳн чет тил үйрѳнүүнү, бактылуу, дени сак жашоодо ѳмүр сүрүүнү көздөбөйт.

Малдын сүтүн ченемден ашыкча берүүгө болбойт

Балага бир жашка чейин сүттөн жасалган азыктарды бергенге болбойт. Бул ымыркайдын ичеги-карыны жана бөйрөктөрү үчүн зыян. 6 айдан кийин боткого уйдун сүтүн кошуп берүүгө мүмкүн. Эгерде шартка жараша балага уйдун сүтүн бергенге туура келсе, бир бергендеги көлөмү 400 миллиграмдан ашпашы керек. Эки жаштан кийин малдын сүтүн күнүнө 2-3 маал ичиргенге болот. Ошондо да сүт баланын тамагына кошумча азык катары гана берилиши керек. Кичинекей баланын ашказаны күн сайын эт, балык, жаӊгак, жер-жемиш, мөмө-жемиш, дан азыктары, буурчак жана сүт азыктары сыяктуу түркүн тамактарды жегенге ылайык.

Яндекс.Метрика
Официальный ресурс Республиканского центра укрепления здоровья
© 2020 Жалал-Абадда кош бойлуу энелер атайын окутуудан өтүштү
Авторизация