Информация о Центре Горячая линия Противодействие коррупции RU KG
РЦ укрепления здоровья и массовой коммуникации
26 / Сентябрь / 2020
“Ден соолук” сабагы

Жаңы окуу жылы Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору үчүн “Ден соолук” сабагынан башталды
Бүгүн, 2020-жылы 1-сентябрда КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директору Нурила Алтымышева баштаган адистердин тобу жалпы билим берүү уюмдарын кыдырышты. Алар башталгыч класстын окуучуларына санитардык-эпидемидемиологиялык талаптарды туура сактоонун жолдорун айтып беришти.
Нурила Алтымышева: “Биз барган мектептердин бардыгы санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп берерине күбө болдук. Башталгыч класстын окуучулары социалдык аралыкты сактоо менен беткапчан, буттары нымдалган бут сүрүүчү килемче менен тазаланган соң имараттын ичине киришти. Алардын дене табы аралыктан өлчөнүп, колдору антисептик менен тазаланды. Мындан сырткары балдардын кол жуучу жайлары мыкты жабдууланыптыр. Биз - Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери “Ден соолук” сабагынын алкагында балдарга колдун тазалыгын сактоонун, беткапты туура кийүүнүн, антисептикти максаттуу пайдалануунун эрежелерин айтып бердик. Бул жөнөкөй жоболорду сактоо – оорунун алдын алууда абдан маанилүү. Мектептердеги санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо боюнча КР Билим берүү жана илим министрлиги, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы алгылыктуу иштерди алып барышканын баса белгилеп кетким келет”, - дейт Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директору.


Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору тарабынан демилгеленген “Ден соолук” сабагын уюштурууга Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы активдүү колдоо көрсөттү. Муниципалитет өкүлдөрү ден соолукту чыңдоо адистерин жеринде тосуп алышып, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын тыкыр көзөмөлгө алышты.

 


Аелита Жолчиева: “Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан пандемиянын шартында сакталышы керек болгон санитардык-эпидемиологиялык эрежелер боюнча ата-энелерге жана биринчи класстын окуучуларына атайын нускамалар иштелип чыккан. Анын негизинде КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери менен ордо калаанын көпчүлүк мектептеринде “Ден соолук” сабактары өткөрүлдү”, - деди Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын адиси.
“Ден соолук” сабагы Бишкектин төрт районунда жайгашкан мектептерде өткөрүлдү. Октябрь районунда жайгашкан №3 орто мектеби санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен башталгыч класстын окуучуларына каалгасын ачты.


Гүлмира Мусиева: “Бишкек шаардык №3 орто мектебинде биринчи класстын окуучуларынын коопсуздугу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Билим берүү уюмунда зыянсыздандыруучу каражаттар менен нымдалган килемчелер, санитайзерлер, дене табын өлчөөчү жабдуулар, аптечкалар, кошумча беткаптар жана башка керектүү буюм-тайымдар бар. Мындан сырткары балдар колдорун жуучу жайга, ашканага, класстардын ичине өздүк гигиенаны туура сактоо боюнча маалыматтык баракчаларды орноттук”, - деди Бишкек шаардык №3 орто мектебинин директору.
Быйылкы окуу жылында Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү жайлары 19 миңден ашуун башталгыч класстын окуучулары үчүн каалгаларын ачты. Калгандары онлайн түрүндө орто билим алышууда.

Яндекс.Метрика
Официальный ресурс Республиканского центра укрепления здоровья
© 2020 “Ден соолук” сабагы
Авторизация