Информация о Центре Горячая линия Противодействие коррупции RU KG
РЦ укрепления здоровья и массовой коммуникации
11 / Август / 2020
М.Каратаев: COVID-19 илдетине каршы күрөшүүдө Кыргызстан ШКУга мүчө мамлекеттер менен тыгыз

М.Каратаев: COVID-19 илдетине каршы күрөшүүдө Кыргызстан ШКУга мүчө мамлекеттер менен тыгыз кызматташууга ачык.
Бүгүн, 2020-жылы 24-июлда, видео конференция форматында Шанхай Кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 3-жыйыны болуп өттү.


Саамалыкка Россия, Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Пакистан, Тажикстан, Өзбекстан, Афганистан, Белоруссия мамлекеттеринин саламаттык сактоо министрликтеринин башчылары, ошондой эле Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо уюмунун өкүлү катышты.
Видео конференциянын жүрүшүндө Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев COVID-19 илдетинин өлкөдөгү абалы тууралуу маалымат берип, 17-июлдан тарта коронавирус, пневмония илдеттери боюнча көрсөткүчтөр бириктирилгени тууралуу кабар берди.


“Бул отурумдун алкагында COVID-19 илдетин дарылоо, кеңеш берүү жана уюштуруу боюнча жакшы жыйынтыкка келебиз деген ишеничтемин. Кыргызстан COVID-19 илдетин даарылоо жаатында пикир алмашууга жана статистикалык маалыматтарды ачыктоого даяр”, - деди Мадамин Каратаев.


Ал акыркы күндөрү Кыргызстанда, анын ичинде ордо калаада курчуп жаткан эпидемиологиялык абал басаңдай түшкөнүн кошумчалады.
Шанхай Кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 3-отурумунун жыйынтыгында COVID-19 илдетин алдын алуу жана дарылоо боюнча резолюция кабыл алынды.

Яндекс.Метрика
Официальный ресурс Республиканского центра укрепления здоровья
© 2020 М.Каратаев: COVID-19 илдетине каршы күрөшүүдө Кыргызстан ШКУга мүчө мамлекеттер менен тыгыз
Авторизация